Дүйшөнбек Зилалиев: "Мыйзам бузулса, мен жоопкерчиликти алганга даярмын"

Бүгүн, 22-сентябрда БШКнын кызматкерлери үгүт иштерине байланыштуу түшкөн арыз кайрылууларды карап жатат. Буга чейин интернетке дин аалымы Чубак Жалилов менен вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин сүйлөгөн видео, аудиоматериалдары тарап, коомчулуктун арасында талкуу жараткан.

Бул боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз түшкөн. Анын негизинде БШКнын жумушчу тобу вице-премьер-министр Зилалиевдин катышуусунда маселени карады.

“Мен эл алдында эмес, тар чөйрөдө отуруп сүйлөшкөн учурда ошол сөздөрдү сүйлөгөм. Ал жерде жалпыга маалымдоо каражаттары жок болчу, вице-премьер министр катары эмес жаран катары өзүмдүн позициямды айткам. Муну үгүт иштерине байланыштуу десем туура болбойт. Эгер бул жерде үгүттөө болсо, мыйзам бузулса, мен жоопкерчиликти алганга даярмын”, - деди Зилалиев.

Эске салсак, буга чейин Зилалиев Жээнбековго добуш берерин айтып, бюджеттен айлык алгандардан колдоо сурагандыгы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан