Биз социалдык тармакта

Жанар Акаев Жээнбековду колдоорун айткан Зилалиев отставкага кетиш керек деди

Баткенде актив менен жолугушууда президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду шайлоодо колдоорун айткан Дүйшөнбек Зилалиев отставкага кетиш керек. Мындай билдирүүнү бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев жасады.
"Укук коргоо органдары тергей турган факт болуп жатса, кантип премьер-министрдин Зилалиевге эскертүү берүү менен эле чектелгени мага түшүнүксүз. Вице-премьер-министр президенттикке талапкерге үгүттөө менен чектелбей, мамлекеттик кызматкерлерге алардын айлык маяналары бюджеттен бөлүнөрүн эскертип коркутуу көрсөтүүдө. Бул кишиге административдик ресурсту пайдалануу менен күрөшүү милдети жүктөлгөн эле", - деди Акаев.
Андан соң ал премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди отставкага кетирип, бул ишти укук коргоо органдарына тапшырыш керек экенин айтты. " Мындан ары биздин эл Сапар Исаковдун өкмөтүнүн таза жана адилеттүү шайлоо өткөрө ала турганына ишене албайт", - деген оюн айтты депутат.
Билдирүүсүнүн аягында Акаев президент Алмазбек Атамбаевге кайрылып, шайлоодо мыйзамдуулуктун сакталышын камсыздоону суранды.
Эскерте кетсек, вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев шайлоону уюштуруу боюнча республикалык штабдын башчысы болуп 19-сентябрда Баткен облусунун активи менен жолугушууда КСДПнын талапкерин колдоорун айткан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан