ЖЫЛНААМА, 23-СЕНТЯБРЬ: 83 жашында окумуштуу Зигмунд Фрейд өзүнүн өтүнүчү менен өлтүрүлгөн

Студент кезинен эле өзгөлөрдөн өзгөчө ой жүгүртүп, адам бардык жактан эркин болуш керектигин, жадакалса өз өлүмүн тандоого укугу бар экенин дайыма айтып келген Зигмунд Фрейд 20 жашында мындай тандоо өзүнүн башына келерин эч билбесе керек.

Зигмунд Фрейд 1856-жылы 6-майда Австрияда төрөлгөн. Ал дүйнө жүзүнө психоанализдин негиздөөчүсү, XX кылымдын психологиясына, медицинасына, антропологиясына, социологиясына, адабиятына, искусствосуна эң чоң таасир тийгизген адам болгон. Өмүрүндө көптөгөн илимий иштерин жарыялаган. Алардын баары биригип 24 томду түзөт. Эмгектеринин көпчүлүгүндө аялдар менен эркектердин ортосундагы болгон мамиле, адамдын түшү жана аң сезими тууралуу жазган.

1884-жылы ал немис окумуштуусунун баңгизат тууралуу жазган эмгегин окуйт. Буга кызыгып калган Фрейд ар кандай эксперименттерди өзүнө текшерип көрүп баштаган. Баңгизаты тууралуу 1884-жылы жазган: "Мен баңгизатын колдонуп көрдүм, анын таасири аябай күчтүү экен. Эгерде жакшылап иштеп чыкса, аны медицинада татаал хирургиялык операцияларды жасоодо колдонууга болот".

Ал баңгизатын ооруну сездирбөөчү каражат катары колдонгон жана бардык ачылыштарын анын таасири алдында жасаган. Анткени көп жылдар бою таңдайындагы залалдуу шишиктен жабыркаган.

Окумуштуунун акыркы керээзи боюнча, анын эмгектери эки бөлүк болуп 2000-жылы жана 2102-жылы дүйнө жүзүнө жарыяланышы керек эле. Бирок азыркы мезгилге чейин эмгектери жарык көрө элек. Алар АКШ Конгрессинин архивиндеги китепканада сакталганы менен аны көрүүгө эч кимдин мүмкүнчүлүгү жок.

Фрейд жөнүндө кызыктуу фактылар:

  • Окумуштуу көзү өткөнчө 6 жана 2 деген сандарын жактырчу эмес. Мейманканада эч качан бул сандардын катышы бар бөлмөлөргө жайгашчу эмес. 6-февраль күнү үйүнөн такыр чыкпагандыгы жазылат.
  • Психолог өзгөчө эс тутумга ээ болгон. Ал кичинекей чагында окуган китептердин мазмунун жаттап калган. Мындан сырткары француз, латын, англис, немис, грек, испан тилдеринде эркин сүйлөгөн.
  • Адамдардын көзүнө тике караган эмес, эмне себептен экени белгисиз.
  • Экинчи дүйнөлүк согуш башталган маалда камакка алынбаган жалгыз австриялык еврей. Көптөгөн тарыхчылардын пикири боюнча Адольф Гитлер Фрейддин бейтабы болгон.

1939-жылы жай айында 83 жаштагы Зигмунддун абалы такыр начарлаган. Бул илдет баңгизатын колдонуп, күнүнө 20 даанадан кем эмес чылым чеккенинен улам күчөгөн. 34 жолу операция жасаткандыгына карабастан, оору күч ала берген. Көпкө созулган оору Фрейдди азапка салган. Анын алдында кыйналып өмүр сүрүү же өз каалоосу менен жарык дүйнөдөн кетүү чечими турган. Окумуштуунун өтүнүчү менен ошол эле жылдын 23-сентябрында окуучусу Макс Шур көп өлчөмдөгү морфинди Фрейдге сайып өлтүргөн. Мындан улам окумуштуу тарыхтагы эвтаназияга кабылган эң биринчи адам болгон.

23-сентябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан