48 VIP-коттедж 142 миллион сомго сатылды. Баштапкы баа 240 миллион сом болчу

"Идеал Хаус" ЖЧКсына таандык объектилер боюнча аукцион өткөрүлүп, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жакын жерде жайгашкан 48 VIP-коттедж 142 миллион сомго сатылды. Баштапкы баа 240 миллион сом болчу. Кийин 130 миллион сомго түшүрүлгөн.

27-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы 12 гектар жерди ээлеген жана мурда Бакиевдерге тиешелүү болгон 48 коттедждин сатылып кеткендиги жөнүндө маалымат угулду.

Депутаттар коттедждер өтө эле арзан бааланып калгандыгын сынга алышты. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов "коттедждердин баасын төмөндөтүү үчүн аукцион 8 жолу жылдырылган" деди.

Ал Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун өкүлүнө кайрылып: "Силер аны белекке эле берип койгондой болдуңар. Жердин аянты 12 гектар. Бул жерден жер тилкенин баасын да актабай жатат", - деди Жамалдинов.

48 VIP-коттедждин сатылышы боюнча "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Курманкул Зулушев "12 гектар жерди коттедждери менен 2 миллион долларга сатуу - бул кылмыш. Биздин укук коргоо органдар кайсы жакты карап турушат?!" - деди.

Ал эми КСДП фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев курулуш урап жок болуп кеткенче сатылганы туура деген пикирде.

"Имараттар турган сайын өзүнөн-өзү урап жок болуп кетет. Бакиев кеткенине, бул коттедждердин турганына канча жыл болду? Алар курулуп бүтпөй коммуникациясы да туташпай калган. Үстү ачык болуп суу агат. Урап жоголуп кеткенден көрө эчак эле сатыш керек болчу. Мүмкүн мурунтан сатканда жогору бааланмак. Азыр арзан сатылды. 3 миллион долларга чейин бааланганда жакшы болмок. Же мамлекет өзү бүтүрүп сатыш керек болчу. Акча жок болгондуктан сатканды туура эле деп ойлойм”, - деди депутат.

Чүй облусундагы Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылындагы 12,4 гектар аянтта курулган курулуштар толук бүткөн эмес. Курулуш иштери Курманбек Бакиевдин тушунда 2009-жылы башталып, 2010-жылы апрель айында токтоп калган.

Курманбек Бакиев бийликтен кеткенден кийин 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн декрети менен 48 үй улутташтырылган. Мамлекетке өткөн мезгилде аталган объект "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясында болгон. Өкмөттүн токтому менен трансформацияланып, ошондон бери жети жыл аралыгында 8 жолу сатыкка коюлган.

2012-жылы объект 58 миллион сомго бааланып аукционго коюлган. 2013-жылы 12-ноябрда баасы төмөндөтүлгөн деген негиз менен аукцион токтотулуп, УКМК иликтөө ишин жүргүзгөн. Андан соң баштапкы баа 88 миллион сомго көтөрүлгөн эле.

2014-2015-жылдары базар баасына жараша аукциондун баасы өзгөрүп 240 миллион сом болгон. Жер тилкесиндеги курулуштарды сатуу боюнча аукцион 2017-жылдын 14-августуна белгиленип, бирок сатылбай калган. 19-сентябрдагы аукционго 2 компания "Бизнес Про" жана "ВостокТехКомплект" катышып, экинчи компания объектти 142 миллион сомго сатып алды. Ошондой эле ага жалпы сумманын 7 пайызы аукциондун шартына ылайык комиссия катары кошулат.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Бакытбек Мураталиев аукцион ачык өткөнүн белгилеп, үйлөр курулган жерде шарттар бар болгондо кымбат баада сатылмак деген пикирин айтты.

"Жыл сайын базар баасына жараша актуализация жүргүзүлөт. Максим Бакиев курулушту баштаганда суу, электр энергиясы жана башка коммуникацияларды "Ала-Арча" резиденциясынан алып өтүүнү көздөгөн. Бирок резиденция стратегиялык объект болгондуктан ал жактан коммуникацияларды азыр алып өтүүгө болбойт. Курулуштарга барчу жол жок. Ал жакка азыр тик учак менен гана барууга болот. Үйлөр көп убакыттан бери каралбай курулуштар ураган абалда. Эки үйдүн курулушу 80 пайызга бүткөн, калганынын пайдубалы тургузулуп, дубалы курула баштаган эле. Үстү жабылган үйлөрдүн чатырын шамал учуруп кеткен. Көбү сүрдүрүлө турган болуп калган. Сатылган объекттин жанындагы жерлер айдоо жерлери болгондуктан баасы аукциондогу баадан 10 эсеге арзан. Ооба, жол куруп, суу чыгарып, электр энергиясын жеткирүүчү чубалгыларды тартып берсе үйлөр азыркы баадан кымбат сатылмак. Бирок бул каражатты, убакытты талап кылат", - деди ал.

“Кыргыз ишкерлерлер профсоюзунун” жетекчисинин орун басары, эксперт Иван Дробитько курулуштар азыркы базар баасына салыштырганда арзан сатылган деген оюн билдирди.

"Биз 2014-жылы анализ жасаганыбызда болжолдуу түрдө баасы 500 миллион сомдон 700 миллион сомдун айланасында болгон. Андан кийин бул маселе менен алектенген жокпуз. Азыр 142 миллион сомго сатылып отурат. Бул өтө төмөн баа. Жадакалса бул баа жалпы жердин баасынан төмөн. Ал жер корулган аймак жана таза абада. Ошондуктан курулушу жок жердин өзү эле кымбатка турушу керек болчу. Бир сотых жер 1000 долларга бааланчу болсо канча акча болмок? Албетте, бул минималдык баа. Ал эми анда 40тан ашуун коттедждер бар. Айрымдары бүтсө, көпчүлүгү бүткөн эмес. Курулушу бүткөн коттедждерди ар бирин 150 миң доллардан 200 миң долларга бааласа болот. Шаардын үстүнкү тарабындагы жерлердин бир сотых баасы минималдуу түрдө 5 миң доллар десек болот. Ал эми резиденцияга жакын жердеги Киргизия районунда бир сотых жер 10 миң доллар. Эми 12 гектардан ашык жерди курулушу менен бир киши сатып ала алабы? Жөнөкөй киши дароо келип эле “сатып алам” деп ала албайт. Аны бай адам сатып алды да. Бай кишилер бири-бири менен байланышта. Сатып алган фирма белгилүү "фамилиялардын" алдында оюн ойноп коюшту. Ал фирма эртең башкага сатат, андан алган дагы бирине сатат. Үчүнчү, төртүнчү болуп сатып алган киши ким болбосун андан кайтарып алууга болбойт. Саткан киши каалаган баага берип коюшу мүмкүн", - деди Дробитько.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча "ВостокТехКомплект" ЖЧКсын Сатиев Айбек Жакшылыкович жетектейт. Компания 8-сентябрда кайрадан каттоодон өткөн. Компания түрдүү товарларды дүң алып-сатуу менен алектенет.

48 VIP-коттедж 142 миллион сомго сатылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
Derzki_kyrgyz
2017-09-29 01:06:17
Бакиевчелик жок экенсинер жон эле койбойсунарбы?
+1
warrior96
2017-09-29 01:09:50
Бийлик элди жердин баасын билбейт деп ойлоп жатат, Ал жердин 1сотугу канча долар экенин билет аферисттер
+6
aitiem
2017-09-29 01:20:44
Сат,сат,сат,саткыла Эми бар жокту,мегакомду саткыла,Гэстерди саткыла,алтынды саткыла,жерлерди саткыла,Ыссык-колду саткыла,заводторду саткыла,калган детсадтарды саткыла,больницаларды саткыла биздин окмот бир нерсе сатканы эле жарап калды озу!
+6
qwert123
2017-09-29 01:43:44
сатамбаев
+12
nur...nur.
2017-09-29 02:20:51
Ушунун баарын коруп билип туруп Сокени Жээнбековту колдойм деп жаткандарга тан каласын
+10
nurbekasr
2017-09-29 06:27:59
Элиңди сат жериң сат,
Бала тууган жарың сат.
Латунуң сат медиң сат,
Бир өпкөнгө ХХХХ сат.
Газыңды сат,генди сат,
Туугандарга ЕНДИ сат.
Чек араң сат,жолду сат,
Көрсөттүрбөй баарын сат.
Баарын сатып болгон соң ЧОҢдорум
Койнуңдакы катыныңдын жүнүн сат.
Сат сат сат ээй баарын сат...
+9
SHERBOLAT
2017-09-29 08:55:54
Эл журт биз озубуз кунолубуз.озубуз шайлаганбыз озубуз тартып атабыз азабын. Ыймандусун тандайлык акчага алданбайлык туугандар
+3
Adil706070
2017-09-29 09:02:11
Орус эксперт чындыкты айтыптыр.биздикилер баягы эле калпын айтып элди алдап кургак чыгып кетишти.эл шаарда 4сотых жерге жетпей ,козу торт болуп журушот.Бийликтегилер арзан алышып карапайым элге болуп-болуп кымбат баада сатышат мына бизнес.
+3
luna.kg
2017-09-29 09:19:30
Элге айтылган суммадан калганы кимдир бироолордун чонтогуно кетти да
+3
elchi84
2017-09-29 09:30:09
Эми бунусу ашыкча болуп кеттиго элди эч Ким ойлобой калды элдин эсебинен жеп жаткандар тешип чыксын.
+2
elchi84
2017-09-29 09:32:34
142 миллионду Ак уйго килем сатып алып салып алгыла азаматтар.
+2
almazbei
2017-09-29 10:05:32
АША нын жолун жолдойм дейтго бироолор , эми ошону шайлап алсак , бут кыргызды сатып жибербейби экен?!
+1
Kanat.tls
2017-09-29 10:23:06
Муну минтип эсептеш керек: 12гертар жерде-1200сотых жер бар. Бишкекте 4сотых жер 10миң доллар-800миң сом. 1200/4=300*800000сом=240млн.сом. жердин баасы.(учаутоктун өзү эле)
+2
MMB
2017-09-29 10:31:05
Эмне кылабыз, айла жок, тутогон бойдон кала беребиз.( Ал эми КСДП фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев курулуш урап жок болуп кеткенче сатылганы туура деген пикирде.)
+1
Saidochka
2017-09-29 20:41:01
Аукцион дегенде баалар которулчу эле го,буларда тушуруп сатышыптыр да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан