Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында Кыргыз кикбоксчу Авазбек Аманбеков алтын медалын жеңип алды.
Авазбек Аманбеков 57 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, чейрек финалда түркмөнстандык Ровсен Хабуровду жеңип, жарым финалда сириялык Ибрагим Алхасанды жеңип финалга өткөн. Алтын медаль үчүн беттеште түркмөнстандык Пиги Силабовго туш келип жеңишке жеткен.
Натыйжада Авазбек Аманбеков Кыргыздын пайдасына 8-алтын медалды алып келди. Азия оюндарынын 9 күнүнүн жыйынтыгында Кыргыз өлкөсүнүн капчыгында жалпы 59 медаль болду. Алардын ичинде 8 алтын, 18 күмүш жана 33 коло медалдар. Жалпы медалдык эсепте Кыргыз өлкөсү 10-орунга көтөрүлдү.
Эске салсак, буга чейин аталган мелдештин 8 күнүндө Кыргыз спортчулар жалпы 48 медаль жеңип алышкан. Медалдык эсепте Кыргыз өлкөсү 11-орунда болчу. Аталган оюндарга Азия жана Океаниядан жалпы 62 мамлекет катышууда.