Бишкекте бүгүн, 26-сентябрда "Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык союзда төрагалык кылуусунун жыйынтыгы: экономика жана коопсуздук тармагында евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн жаӊы багыттары" деген аталышта эл аралык конференция өтүүдө.
"Кыргыз-Казакстан чек арасынан ветеринардык көзөмөл алынбай жатат. Бул маселе абдан саясатташып кетти. Бул маселе техникалык гана эмес, баары бир саясий маселеге айланып кетти окшойт", - деп билдирди экономист, Кыргыздын мурдагы вице-премьер-министри Олег Панкратов (сүрөттө).
Экономист Жумакадыр Акенеев: "Президент Алмазбек Атамбаевдин ЕАЭБ үчүн жасаган иштерин айткым келет. Датка-Кемин электр линиясы бүтүп, энергетикалык көз карандысыздыкка ээ болдук. Түндүк-Түштүк альтернативдүү трассасы курулууда. Ушул жана башка иштер биздин президенттин жеке салымы менен жасалган иштер", - деп билдирди.
Белгилей кетсек, быйыл Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешке, Евразиялык экономикалык комиссия кеңешине Кыргыз Республикасы төрагалык кылууда. Былтыр Казакстан төрагалык кылган.