Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз тараптын 100 миллион доллар жардамдан баш тартуусу боюнча билдирүү таратты

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз тараптын 100 миллион доллар жардамдан баш тартуусу боюнча билдирүү таратты. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтында жарыяланды.

Кечээ, 23-октябрда Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги казак тарапты расмий түрдө 100 миллион доллар жардамынан баш тартуусу боюнча мамлекет ичиндеги процедуралар башталганын билдирген.

Маалыматта Казакстан ЕАЭБ алкагында милдеттерин аткарып Кыргыз өкмөтүнө керектүү техника менен тез арада камсыз кылууга даяр болчу экени жазылган. “Кол коюлган иш кагазы өз убактысында ратификацияланган. Казактардын колдоо биринчи траншы ушул жылдын ноябрында берилмек. Кыргыз тараптан керектүү иш кагаздар кармалып калган”, - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, бул маселе Жогорку Кеңештин комитеттеринде каралган. Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин айтымында, бул жардамды алуу жөнүндө макулдашууга 10 жыл болгон. "Бул маселенин тарыхы өтө узак. 10 жылдан бери сүйлөшүү болуп биринчи келишимдер 10 жыл мурда түзүлгөн. Келишимге акыркы жолу 2016-жылы кол коюлган. Бул маселе дагы деле чечиле элек. Калыптары өзгөргөн ЕАЭБ алкагында техникалык жардам катары дагы келишимге кол коюлган. Бирок, тилекке каршы, ар кандай себептер менен бул каражат келген жок. Акыркы Кыргыз-Казак чек арасында абал чыгып кеткенде Казакстандын кээ бир саясатчы, аткаминерлери бизге бербеген жардамды жок кылышты. Бул жардам техникалык, акчалай деп жазылган. Бирок 10 жылдан бери берилбеген жардам эми деле берилбейт", - деп билдирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
isabek1977
2017-10-24 20:58:37
Бул казактардан албай эле койгула.
0
Gulnaz.GS
2017-10-24 21:39:55
казак кыргыз бир тууган.дейт.Озбекстан мн границаны алжайтып ачып салды. ХХХХ.аларга Караганда казактар жакынырак го дейм.казактарга сайылбай бир жерин кысып журсо болмок
0
admin_superstan
2017-10-25 12:08:30
Gulnaz.GS, улут аралык келишпестиктерди жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган. 3 күнгө БАН!
-1
Tolkun555
2017-10-25 07:44:24
Эч кимден жардам албай эле бир гана кудайдан умут кылып сурайлы.бекер сыр капканда гана болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан