ӨКМ: "Кыргыз-Казак чек арасында тигилген чатырлар жыйналып алынды"

Бүгүн, 8-декабрда Кыргыз-Казак чек арасында тигилген чатырлар жыйналып алынды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 11-октябрында Кыргыз-Казак мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө бекеттериндеги түзүлгөн кырдаалды жана аба ырайынын суук болушун эске алып Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан чек ара аркылуу өткөн адамдарды чатыр, ысык тамак-аш жана жылуулук менен камсыз кылуу иш-чаралары уюштурулган. Анын алкагында “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрмө бекетине 3 даана 30 орундуу, “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрмө бекетине 5 даана 10 орундуу, “Чалдовар” көзөмөл-өткөрмө бекетине 3 даана 10 орундуу, “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрмө бекетине 6 даана 10 орундуу чатырлар тигилген. Жалпы 17 даана чатыр орнотулуп, жылытуучу мештер, ичүүчү суу, биоажатканалар менен камсыз кылынган.

Эми чек арадагы көзөмөл-өткөрмө бекеттериндеги кырдаалдын жоюлгандыгына байланыштуу, ӨКМ тарабынан көзөмөл-өткөрмө бекеттерине тигилген чатырлар жана жылытуучу мештер жыйналып, кампага алынып келген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан