SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Бул жашоонун сыноолорунан кыйналдым..." деген тема талкууга алынган.
Темадагы автордун билдирүүсү:
"Бул жашоонун оор сыноолорун башымдан өткөрүп жатам. Чыдамым түгөнүп баратат. Кимге кайрылам? Бул абалда өлүп калам го. Жүрөгүм ооруп, уйку жок. Анда сөз башынан болсун.
2016-жылы жумушума байланыштуу 30 000 сом акчаны жоготуп койдум. Ал сумма мен үчүн өтө эле көп. Ким, качан, кантип алганын же өзүм иштеткенимди билбейм. Ал фонддун акчасы болчу. Акырында эсептеп келгенде айтылган сумма чыкпай калды. Кимге кайрылат элем? Ойлонуп көрүп кесиптештерим менен насыяга акча алдым. Аларын алып, төлөөгө келгенде айлыгым жетпей аябай кыйналдым. Бирин алып экинчисин жаап, аз-аздан карызга бата баштадым. Бул тууралуу эч ким билбейт, жолдошум дагы. Ага айтканым менен жардам жок болчу. Анын пейили мага белгилүү, кечирбейт.
Кыйнала баштадым. Эч ким акча бербей койду. Үстөк пайыз менен акча бере турган эжем бар, андан жардам сурадым. Ал колунан келген жардамын берип жүрдү, бир күнү ал да банкрот болду. Экөөбүз башка бир эжеден акча алмай болдук. Апамдардан жардам сурадым, бирок жардам болбоду. Алар да араң эле жашашчу. Кезинде атам да карыз болуп кеткен экен, аны каза болгондон кийин угуп, баарын апамдар төлөгөн болчу. Мен 100 000 сом алдым, анткени ошол убакта менин карызым ошончо болуп кеткен эле. Аны да 20 пайыз үстөк менен берди. Эжем өзүнүкүн төлөп жүрдү, мен төлөй албай калдым. Ал эже жактан мага "жумушуңа барам, жолдошуңа айтам" жана башка ушул сыяктуу катуу коркутуулар болуп жатты. Ошентип эжемдин үйүн күрөөгө коюп дагы насыя акча алдык. Анын да үстөк пайызы өсүп отуруп эжемди да карызга батырдым, өзүм да баттым. Билем чоң күнөө кылдым, айлам жок эле. Эми айланамдагылардын баарынан карызмын. Карызым 450 000 сом экен, мунун баарынын үстөк пайызы бар.
Эч айлам калбады, жашоом токтоду. Анткени баарынын ишеничинен чыктым. Кыйналдым, эки күндөн бери өлүм тууралуу гана ойлоп калдым. Балдарымды ойлойм. Мен кандай энемин? Кандай адаммын? Кандай жубаймын? Мени эч ким түшүнбөйт, себеби мен өзүмдү өзүм түшүнбөйм. Же балдарымды жакшы кийинте албасам, же өзүм түзүк жүрбөсөм. Мен бул дүйнөдө кантип башымды көтөрүп жүрөм? Аял башым менен туугандарымды ушунча азапка батырып жатсам... Өлсөң өчтүң дешет. Балдарымды да азапка салгандан көрө жок болуп, мени жакшы ойлору менен, сагынычтары менен эстеп турушса... Өзүм кылган боткону өзүм жешим керек туурабы? Мындан кийинки жашоом кандай болот билбейм. Караңгылык..."
Кеңеш берип, талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.