Депутат Канат Исаевдин 200гө чукул тарапташтары соттун алдына чогулушту (фото)

Бүгүн, 2-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин баш коргоо чарасы каралат. Буга байланыштуу соттун имаратынын алдына анын тарапташтары чогулушууда. Учурда 200гө чукул адам Исаевди боштондукка чыгаруу талабын айтышууда.

Алдын ала маалыматтар боюнча, учурда Канат Исаев соттун имаратынын ичинде. Милиция кызматкерлери соттун имаратынын айланасын курчоого алып, журналисттерди жана Исаевдин тарапташтарын киргизбей жатышат.

Сотко Жогорку Кеңештин оппозициялык "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутаттар Алтынай Өмүрбекова, Мирлан Жээнчороев келишкени белгилүү болду.

Эскерте кетсек, депутат Канат Исаев массалык баш аламандык уюштуруу, кылмышка даярдануу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү боюнча Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында 30-сентябрь күнү кармалган. Кечээ, 1-октябрда депутат 48 саатка камакка алынган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Gema
2017-10-02 14:34:08
Эмнеге чыгарышы керек!!????будар элдин канын каалаганча акчага баалап ойношсо....камалсын!!!
+3
no.comment
2017-10-02 14:35:12
Шаарда милиция толтура журот, себеби Канат Исаевдин иши го..
+1
kamchatka
2017-10-02 14:41:08
Ошол жерге баргандарга канча сомдон бериптир сурап койгулачы?
+3
bond
2017-10-02 15:08:57
Ызы чуу эптеп бироолорду алдаган ар ким озунун жеке башын ойлогон тартип деген нерсенин озу жок башаламан онугуунун учу корунбогон чоон саясат деген кемеде жашынан баштап каарысына чеин саясатты суйлогон белгисиз жака сузуп бара жаткан кемеде калдыкпы.
0
grace
2017-10-02 15:29:41
Жепутаттар бириң өлүп бириң кал, көздөгөнүңөр акча, бийлик! Жемкорлор!
+3
nemo2016
2017-10-02 16:53:20
Элдерда акча десе колтугундагы жунун сатат экенда
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан