Өмүрбек Текебаевди 8 жылга кесүү өкүмү күчүндө калды

Бүгүн, 2-октябрда Бишкек шаардык соту Өмүрбек Текебаев менен экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды.

Өкүм окулуп жатканда залда Текебаев да, Чотонов да болгон жок. Ал эми алардын жактоочулары өкүм окулуп баштаганда сыртка чыгып кетишкен.

Эскерте кетсек, 16-августта Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекетке чегерүү жана бошотулгандан кийин 3 жыл мамлекеттик кызматта иштебөө тууралуу өкүм кабыл алган. Бирок Башкы прокуратура райондук соттун өкүмүнө макул болбой, соттолуучулардын абакта өтөөчү жаза мөөнөтүн узартып берүүсүн сурап, Бишкек шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
zhumali
2017-10-02 16:51:40
Эң туура кылыптыр канча жылдан бери иштеп эчтеке кылган жок өмүр бою бийлике жакын жолобос кылып чечим чыгарыш керек болчу
-20
shayl2106
2017-10-02 17:40:49
zhumali,6 жылдын ичинде АША эмне кылды элди чекесинен кырып олтурду Черные дырасы менен!
+7
Alixan-Nookat.2015
2017-10-02 18:58:36
Жогорку сотко кайрылсанарда ушул корунуш болот убара болбогула азыркы бийлик турганда акталбайт Текебаев, соттор бийликтин айтканын кылат коркот такты алдырамын деп оз алдынча чечим чыгара албайт
+5
Aidani
2017-10-02 21:17:01
Alixan-Nookat.2015,Актаганга эмес жаза моонотун узартуу учун кайрылган дейт гр
-1
Tolkun555
2017-10-02 19:19:57
Ар киминди жалгыз жалгыздан камап соттоп жок кылып жатабы?Келдибеков Ташиевдерди камаганда эч кимин чыккан жоксун жактап.эми бир бирден тыркыратат бул бийлик.Жапаровду камады унчукпадынар.Кечээ Исаевди камады.Эртен Бабановду камайт.али кобу камалат.эми башталды.
+8
madrid7000
2017-10-02 21:52:36
Бакиевдин убагында кынк эткендер олтурулчу эле.АШАнын доорунда кынк этсен камаласын.Бирок кордук аягы кандай болоорун.
-2
toktor89
2017-10-02 21:59:28
Вай, Бей кунообу же башкабы билбеим. Бул жерде ким куноолу болсо Аллах Таалам озу жазаласын....
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан