
Жыл сайын 5-октябрда дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөлөрүндө мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленип келет. 1966-жылдын 5-октябрында Парижде мугалимдердин макамы туурасында атайын өкмөттөр аралык конференция өткөн. Анын натыйжасында ЮНЕСКО менен Эл аралык эмгек уюму тарабынан "Мугалимдердин макамына тиешелүү көрсөтмө" жөнүндөгү документке кол коюлган.
Анткени менен арадан көп жыл өтүп, 1994-жылы бул күн дүйнөдө биринчи жолу белгиленген. Бул майрамдын максаты - билим берүү жаатында эмгектенген бардык кызматкерлердин коомго кошуп жаткан салымын баалоо, алардын эмгегин кадырлоо жана алардын коомчулуктагы орду чоң экендигин белгилөө.
Кыргыз өлкөсүндө мугалимдердин кесиптик майрамын 5-октябрда белгилөө тууралуу токтомго 2014-жылы 30-октябрда Кыргыз Республикасынын ошол кездеги премьер-министри Жоомарт Оторбаев кол койгон. Буга чейин өлкөдө мугалимдердин кесиптик майрамы ар жылы октябрь айынын биринчи жекшембисинде белгиленип, ар кайсы датага жылдырылып келген.