ЖЫЛНААМА, 6-ОКТЯБРЬ: Бүткүл дүйнөлүк жылмаюу күнү

Жыл сайын октябрь айынын биринчи жума күнүндө Бүткүл дүйнөлүк жылмаюу күнү белгиленет. Бул күн америкалык Харви Бэлл аттуу сүрөтчүнүн аракетинин натыйжасында негизделген. Ал 20-кылымда жашап, тарткан сүрөттөрү көп деле көзгө урунуп кеткен эмес. Күндөрдүн биринде сүрөтчүгө «State Mutual Life Assurance Company of America» ишканасынын өкүлдөрү кайрылып, ишкананын визиттик карточкасы үчүн бир караганда адамды дароо өзүнө тарта тургандай символду ойлоп табууну өтүнүшкөн.

Бул кезде 1963-жыл. Харви Бэлл көпкө ойлонбостон күлүп турган сары түстөгү жүздү тарткан. Учурда мындай сары жүздүн жылмаюсу интернетте "быйтыкча" делинип, кеңири колдонулууда. Аталган ишкана сүрөтчүгө 50 доллар төлөп берип, компаниянын визиттик карточкасын жылмайган жүз менен чыгарып тарата башташкан.

Көп өтпөй аталган ишкананын кардарлары көбөйүп, аларды тааный башташкан. Бир нече айдан кийин сары жүздүү жылмайган бет футболка, бейсболка, конверт, открыткаларда да пайда боло баштаган. Ойлоп тапкан сүрөтү өтө тездик менен эл арасына жайылып жатканын көргөн Бэлл бул жумушу менен ар дайым сыймыктанган.

"Адамзатынын жана искусствонун тарыхында эл арасына ушунча жайылып, адамдарга бакыт, кубаныч жылмаюу тартуулаган нерсе болгон эмес. Бул жөнөкөй гана эмгек болгону менен бүтүндөй калкка түшүнүктүү. Анткени жылмаюунун тили жок", - деген ал интервьюларынын биринде.

Бүткүл дүйнөлүк жылмаюу күнү биринчи жолу 1999-жылы белгиленген. Ошондон тартып бул күндү ачык маанайды каалагандар түрдүү акция жана флешмобдор менен белгилеп келет. Сүрөтчү бул күндү жакшы маанайдын жаралышы үчүн арналышы керек экендигин айткан. Күндүн урааны - "Жакшылык кыл, жок дегенде бир жылмаюунун пайда болушуна өбөлгө бол".

6-октябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aikokul14
2017-10-06 09:52:01
Ууртубуздан жылмайуу кетпесинчи,заманыбыз тынч болсунчу,калганы колдон келчү нерсе,өзүбүз аракет кылабыз.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан