Активист Мелис Аспеков баш аламандык уюштурууга аракет кылган деген шек менен 48 саатка камакка алынды

Активист Мелис Аспеков бийликти күч менен басып алууга, баш аламандык уюштурууга аракет кылган деген шек менен 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу 10-октябрда SUPER.KG'ге адвокат Шарабидин Токтосунов билдирди.

"Аспековду бир адамдын арызы боюнча УКМК кармап, 48 саатка камакка алды. Ага "бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган, өлкөдө баш аламандык уюштурууга аракет кылган" деген беренелер менен кылмыш иши козголду. Мелистин айтуусу боюнча аны үйүнө УКМКнын он чакты кызматкери барып, жеңил бут кийим спорт кийими менен эле алып келишиптир. Иш боюнча эч нерсе айта албайм. Анткени мен тергөөдөгү маалыматтарды ачыкка чыгарбайм деп тил кат бердим", - деди жактоочу Токтосунов.

Белгилей кетсек, жарандык активист Мелис Аспековду УКМКнын кызматкерлери 9-октябрь күнү кечинде үйүнөн кармап кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
medet1983
2017-10-10 08:34:44
Элге куйуп реалный соз суйлогондорду эле камай берет экенсинер да мындай болсо жакында элдин баарын камайсынарбы ХХХХ
+2
yasmina_kg
2017-10-10 11:09:12
medet1983,Анда 15 окябрда утулганы баш аламан чыгарып ызы чуу чыгарып кан тогулсо кантебиз.Ойлосунго булар эл учун суйлоп жатат деп эптеп жармашып бийликтин бир бутагына жармашсам дейт Азыр кандиттардын жанында сагалап жургондор эптеп жакшы кызмат алып калсам дегендер же кызматыман ажырабасам экен. дегендер.Оппозиценерлерге деле ишенич калбай калды.
0
grace
2017-10-10 10:09:45
Баш-аламандыктын элге кереги жок, чагымчылар чын болсо катасын!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан