Бүгүн, 11-октябрда жаш активисттер маалымат жыйынында соттун Аида Саляновага карата чыгарган өкүмүнө каршылыгын билдиришти. Алардын бири Төлөн Турсуналиевдин билдиришинче, соттун чечими мыйзамсыз болду.
"Сот отурумуна өзүбүз да күбө болуп жаттык. Барбай калган учурда түз эфирден көрүп отурдук. Салянова Алексей Елисеевдин жактоочулук лицензиясын мыйзамга таянып узарткан. Эгерде узартпай койсо, анын аракети мыйзамсыз болуп калмак. Соттук териштирүүдө Салянова тарабынан эч кандай мыйзам бузуу фактылар табылган жок. Ошого карабай сот аны камакка алуу чечимин кабыл алды. Биз буга сырттан карап тура албайбыз", - деди Турсуналиев.
Айта кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталган. Кечээ, 10-октябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту "Аида Салянова 5 жылга эркинен ажыратылсын, өкүм анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирсин" деген өкүмдү чыгарган.