Дарыгер: "31 жаштагы келиндин төрөттөн каза болушуна ким күнөөлүү экени экспертизадан кийин билинет"

Чаткал районунун 31 жаштагы Жылдыз Төрөбекова аттуу тургуну Ала-Бука райондук ооруканада операция жолу менен төрөп, бирок каза болуп калганын жана ага дарыгерлер күнөөлүү экенин маркумдун жакындары SUPER.KG'ге билдиришкен.

Бүгүн аталган оорукананын директору Жыргалбек Осмоналиев менен байланышып анын пикирин уктук.

"Каза болуп калган келин буга чейинки 2 уул, 1 кызын биздин ооруканадан жакшынакай эле төрөп кеткен. Бирок бул ирет Чаткал районундагы оорукананын төрөт бөлүмүнө кайрылганда алар биздин ооруканага жиберип салышыптыр. Райондук оорукана өзүнүн аймагындагы адамды экинчи районго жиберүүгө болбойт. Бул боюнча атайын буйрук бар. Ал эми каза болгон келиндин жакындары "Ала-Бука райондук оорукананын дарыгерлери операцияны туура эмес жасап, бөйрөктөн келген трубалар менен табарсыкты жарып коюшуптур" деп күнөөнүү бизге артууда.

Албетте, адам каза болуп жатса күнөөлүү эмеспиз деп да айта албайбыз. Азыр бүт дарыгерлер өзүбүздү күнөөлүү кишидей сезип жатабыз. Бирок буга ким күнөөлүү экендигине экспертизанын жыйынтыгы чекит коёт. Операция кылган дарыгер деле 4 баланын энесин өлтүрүүнү каалабайт да", - деди Осмоналиев.

Ал эми Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясат башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева учурда бул окуя боюнча атайын комиссия түзүлүп, иш териштирилип жатканын кабарлады. "Бул маселе көңүл сыртында калбайт, күнөөлүү тарап аныкталса чара көрүлөт", - деди Асылбашева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
raxatka
2017-10-12 15:49:08
Озу баланча жери ооруп журчу экен анан дарыгерлерге корунбой журо бериптир деп экспертизасы ошентип жазып берет го, милициясы шылдындаса, депутаты согуп атса ашатып аял башы менен, педофилдер кобоюп, бул эмне деген бийлик.? Шайлоо куну балдарым менен эле уйдо отурганым жакшы, баарибир ушул эле бийлик калат, ХХХХ!
+8
jon.as
2017-10-13 06:18:42
Качан эле врачтар куноосун моюндарына алышчуу эле...???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан