Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев добуш берди

Бүгүн, 15-октябрда өлкө аймагында президенттик шайлоо өтүп жатат. Ош шаарындагы ар бир шайлоо тилкелери саат 08:00дө ачылып шаардыктардын добуш берүүсү кызуу жүрүүдө. Алардын катарында шаар мэри Айтмамат Кадырбаев шаардагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин имаратында жайгашкан №5327-шайлоо тилкесинде добуш берди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

“Бүгүн кыргыз эли үчүн өзгөчө тарыхый күн. Кыргызда президенттик шайлоо өтүүдө, анын ичинде Ош шаарынын бардык 73 шайлоо тилкелеринде шайлоо кызуу жүрүп, шаардыктар шайлоо башталгандан тартып өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүүдө. Ош шаары боюнча добуш берүүчү жарандардын саны 159 420, ал эми №2-форма менен катталган жарандардын саны 48 706. Шайлоо таза, ачык өтүүсү үчүн бүгүнкү күндө мэрия тарабынан бардык күч аракеттер жумшалууда”, - деди А.Кадырбаев.

Шайлоо учурунда коомдук тартипти милиция кызматкерлери менен элдик кошуундун мүчөлөрү жана ар бир шайлоо тилкелеринде атайын медицина кызматкерлери көзөмөлдөөдө. Эскерте кетсек, Ош шаары боюнча добуш берүүчү жарандардын саны 159 420, жалпы 73 шайлоо участогу бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Isco23
2017-10-15 10:38:30
Акимдер добуш бергенин да жазып койгулачы кайсыл акимдер добуш бертат экен
0
gulaza
2017-10-15 11:44:14
Сокеге тон кийгизип хан келе жатат деп алдап элге жаман коргозгону учун ото чоон рахмат айтам сизге сиздей акылдуу адамдын айынан буйруса презиленттикке Адахан Мадумаров келет
+3
altynbek_canto
2017-10-15 12:35:10
Кимге бергени белгилуу эле, Соке президент болуп калса аркасына жабышайын деп тон кийгизди да.
+2
kenjebek_a
2017-10-15 14:26:15
Тон кийгизип Хан келе жатат деп,2018жылдын кошоматчысы деген титул наам озунуздо калмай болду. Куттуктайбыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан