Бүгүн, 15-октябрда Кыргыз Республикасында президенттик шайлоо өтүп жатат. Бишкек шаарындагы №1327-шайлоо тилкесине президенттикке талапкерлердин бири, КСДП партиясынан талапкер Сооронбай Жээнбеков келип добуш берди.
Добуш берүү тилкесинен чыккан соң талапкер журналисттердин суроолоруна кыскача жооп берди. Анын башка талапкерлер менен болгон шайлоо алдындагы дебатка келбей калышынын себебин сураганда: "Мен ал күндөрү Тогуз-Торо, Чаткалга чейин барып, эл менен жолугушуп жүрдүм. 35 күн мен үчүн аз болду. Кээ бирөөлөр айтып жатат "коркуп келбей койду" дешип. Мен корккон жокмун, эл менен жолугушуп жүрдүм. Ага чейин 2 дебатка баргам", - деп жооп берди.