"Ошто журналистке күч колдонулган жок", - деп бүгүн, 15-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, аталган факт боюнча БШКда мыйзам бузууларга ыкчам жооп берүү үчүн атайын координациялык тобуна ММКлар тарабынан маалымат түшкөн.
"НТС телеканалынын кабарчысы шайлоо тилкесинде ур-токмокко алынды деген маалымат түшкөн. Бирок факт аныкталган жок. Эч кандай мушташуу болгон эмес. Кабарчы добуш берүүнүн жашыруундуулугун сактабай видеого тарткан. Шайлоодо эң негизги нерсе - добуш берүүнүн жашыруундуулугунун сакталышы. Шайлоо тилкесинде иштегендер журналисттен видео тартууну токтотууну талап кылышкан. Бирок журналист токтоткон эмес. Ошондо кабарчыны сыртка алып чыккан. Ур-токмокко алуу болгон эмес. Күбөлөр бар", - деди ал.
Эске салсак,15-октябрь күнү Ош шаарында президенттик шайлоонун жүрүшүн чагылдырып жүргөн НТС каналынын кабарчысы Мирбек Айтикеевге кол салуу болгонун өзү билдирген.