Бүгүн, 15-октябрь күнү Ош шаарында президенттик шайлоонун жүрүшүн чагылдырып жүргөн НТС каналынын кабарчысы Мирбек Айтикеевге кол салуу болду. Бул тууралуу SUPER.KG`ге ал өзү билдирди.
"№5325-шайлоо тилкесине барганбыз. Анткени ошол жакта мыйзам бузуу болуп жатат деп айтышкан. Биз барсак спорттук дене түзүлүштөгү балдар менен милиция кызматкерлери бизди киргизген жок. Алар адамдарды кир, кирбе деп тескеп жатышыптыр. Ичине кирейин десем мүмкүнчүлүк бербей коюшту. Төрайымды 15 мүнөт күттүм. Күбөлүгүмдү көргөзүп төрайымга эле кирем деп кирип барсак, булар НТС экен деп бир киши келип камерамды жана телефонумду жулуп алды, андан соң "силерге тартканга болбойт" деп милицияга спорттук дене түзүлүштөгү балдар кошулуп жулкулдатып мени сүйрөп чыгышты. Мен алардын ким экенин сурасам "биз шайлоочубуз" дешти. Эми шайлоочу тилкеге кирип журналистти кодулап сүйрөп чыкпайт да. Мен мыйзамды түшүндүрсөм да түшүнгөн жок", - деди Айтикеев.
НТС каналынын кабарчысы Ош шаарына шайлоонун жүрүшүн чагылдыруу үчүн барган. Ал бул окуя боюнча укук коргоо органдарына кайрылууну ойлонуп жатканын айтты. Ал камерасын жана телефонун алганын, бирок камерадагы көп видеожазуулар өчүрүлгөнүн айтты.