Бишкек шаардык сотунда Канат Исаевдин иши жабык эшик артында каралууда

Бүгүн, 16-октябрда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин баш коргоо чарасы боюнча жактоочуларынын апелляциялык арызы каралууда.

Соттук отурум жабык эшик артында өтүп жатат. Отурумга Исаевдин ишин караган соттун 3 курамы жана депутаттын жактоочусу катышууда.

Маалым болгондой, буга чейин Биринчи Май райондук соту депутат Канат Исаевди 30-ноябрга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

Эске салсак, Башкы прокуратура 30-сентябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге карата "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал ушул кылмыш иштерин жасоого шектелип кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан