Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, азыркы учурда өлкөнүн бардык аймактарында коомдук-саясий абал тынч.
"Эч жерде топтолуп, чогулган адамдар жок. Милиция кызматкерлери коомдук тартипке көз салып турушат", - деп билдиришти ИИМден.
Айта кетсек, кечээ, 15-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо өткөн. Анда бийликтин талапкери Сооронбай Жээнбеков шайлоого катышкандардын 50 пайыздан көбүнүн добушун алды. Ал эми Өмүрбек Бабанов шайлоочулардын 30 пайыздан ашыгынын добушуна ээ болгон.