Талас шаарында жашаган жергиликтүү тургундун билдиришинче, Кыргыз-Казак чек арасындагы абалдан улам азык-түлүккө болгон баа кымбаттады.
Ал эми борбордук базарда иштеген Эмил аттуу сатуучу акыркы бир жума аралыгында азык-түлүккө болгон баа кескин өсүп кеткенин айтты.
“Таласка келген азык-түлүктүн көбүн Казакстандан ташыйбыз. Ал жактан товарларды өткөрбөй калгандан бери азык-түлүккө болгон баа өстү. Алсак, суу май 10 сомго жогорулады. Ошондой эле кумшекер, туз, күрүч дагы кымбаттады. Мурда алып койгон товарларыбыз түгөнүп жатат. Эми биздин күткөнүбүз эле Кыргыз-Казак чек арасындагы абалдын жөнгө салынышы”, - деди сатуучу.