Журналист Ксения Собчак Орусиянын президенттигине талапкерлигин коёт

Орусиялык журналист жана алып баруучу Ксения Собчак 2018-жылдын март айында өтө турган президенттик шайлоого катышат. Мындай маалыматты орусиялык маалымат булактары жазууда.

"Мен 36 жаштамын, Орусиянын жараны катары президенттикке талапкерлигимди коюу укугум бар. Мындан тышкары буга чейин ушул укукту пайдаланып келгендердин баарына каршымын. Мен баарына каршы добуш берүү мүмкүнчүлүгүн кайра алып келгим келет", - деп билдирет Собчак.

Ошондой эле журналист көп жылдардан бери саясатта жүргөндөрдүн атын атап, өлкөнү өзгөртүү үчүн эски жүздөрдү жаңы лидерлерге алмаштыруу керек экендигин айткан. Муну менен ал калкты шайлоого кайдыгер карабоого чакырган.

Буга чейин Орусиянын RTVI телеканалы Ксения Собчактын президенттик шайлоого талапкерлигин коёрун, бирок ал 2012-жылкы шайлоодогу миллиардер Михаил Прохоровдун ролунда болорун билдирген. Прохоров ошол жылы өткөн шайлоого катышып 7,98 пайыз добушка ээ болгон. Аталган телеканал эгер шайлоого чейинки үгүт иштерин туура жүргүзсө Собчак шайлоочулардын 8-9 пайызынын добушуна ээ болорун айткан.

Ксения Анатольевна Собчак - 1981-жылдын 5-ноябрында төрөлгөн. Радио жана тележурналист, алып баруучу, коомдук ишмер жана саясатчы. "Дом-2", "Блондинка в шоколаде", "Последний герой" реалити-шоу, "Госдеп-2", "Собчак живьём" берүүлөрү менен белгилүү болгон. Орусия оппозициясынын координациялык кеңешинин мүчөсү болгон. Санкт-Петербург шаарынын мурдагы мэри Анатолий Собчактын кызы.

"Баарына каршымын" деген Ксения Собчак президенттикке талапкерлигин коёт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Isco23
2017-10-19 09:29:48
Токтайым Уметалиевадай болосун да
+16
aibars
2017-10-19 09:30:08
Ушул жон эле койбоптурда
+12
Bolunbo.kyrgyz
2017-10-19 09:38:46
Путин акабыз бийликти жон эле бербей калдыго бекер эле убара болтат булар
+15
Nazaroff1974
2017-10-19 09:42:01
Отукчудон Жамбылга чейин талапкер болгон Кыргыздан кембизби дей башташкан го.Собчак эле эмес,качкан-бозгондор баары койсо керек.Кыргыздардан уйронушту да.Баарибир Путиндин деле "Сокеси" женээрин билишсе дагы бу аккулактар деле жанталашып алышат.Бирок Собчак созмор,акылдуу,эрктуу журналист,сыйлайм.
+9
janat.kg
2017-10-19 09:44:58
Чын эле Россия замандын талабына ылайык бир озгоруш керек. Технология онугуп, заманбап жашоо болуп атат. Аны учун бийлике жаштар келсе болот.
-7
ekaterinburg
2017-10-19 09:48:42
Оппооо....Ичти гана оорутат да ушу кыз.
+4
Medinaa
2017-10-19 09:51:42
Токтайым Үмөталиева бар экен да буларда даг.Бирок кыйын адам.
+7
jbolotov
2017-10-19 10:44:49
Мамлекеттик чон ишти комедия кылуунун кереги жок. Биздеда президенттик шайлоого акыл эси жайындабы деп ойлонтотургандар катытыго.
+2
ksb
2017-10-19 11:24:29
Я бы проголосовала за неё.Путин уже иссяк.Россия одна из самых коррумпированных государств в мире.А ведь так всё хорошо начиналось.Если у тебя нет сил изменить хоть что то в лучшую сторону,признай это и дай возможность другим это сделать.У молодых совсем иные взгляды,иной подход. Но старая гвардия не хочет уходить,тем самым не давая стране разсиваться
-9
admin_superstan
2017-10-19 12:12:14
ksb, портал кыргыз тилдүү болгондуктан кыргызча жазууну сунуштайбыз.
+8
bom.bon
2017-10-19 13:43:40
ХХХХ Максим галкиндин акыркы постун корсонор, күлүп жыргайсынар))
+3
Han1111
2017-10-19 16:10:38
Молодец койсун. Эч болбогондо туугандырын шайлашса керек деп ойлойм.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан