Бүгүн түштөн кийин депутат Өмүрбек Текебаев №1-СИЗОдон №47-түзөтүү колониясына которулат. Ал эми экс-министр Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкадагы №27-түзөтүү колониясына которулду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 19-октябрда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын катчысы Элеонора Сабатарова кабарлады.
"Чотонов бүгүн эртең менен №27-түзөтүү колониясына которулду. Ал эми Текебаев түштөн кийин №47-түзөтүү колониясына которулат", - деди Сабатарова.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 16-августунда Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратып, мүлкүн мамлекетке чегерүү жана бошотулгандан кийин үч жыл мамлекеттик кызматта иштебөө тууралуу өкүмүн чыгарган. Бирок Башкы прокуратура райондук соттун өкүмүнө макул болбой, соттолуучулардын абакта өтөөчү жаза мөөнөтүн узартып берүүсүн сурап, Бишкек шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган. 2-октябрда Бишкек шаардык соту райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Мындан кийин соттолуучулар 10-октябрда УКМКнын тергөө абагынан №1-СИЗОго которулушкан.
Ал эми алардын жактоочусу бул чечимдин үстүнөн Жогорку Сотко даттануу арызын берүүгө даярданып жатышканын билдирген.