КҮНСЕРЕП: Шайлоо өттү. Талапкерлерди эми кандай тагдыр күтөт?

Бүгүн, 23-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Жакын арада Борбордук шайлоо комиссиясы 15-октябрда өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялайт. Демек, 4-ноябрга чейин БШК расмий жыйынтыкты жарыялашы керек. Декабрда Кыргыздын жаӊы президенти 6 жылдык жооптуу миссиясын аткарууга киришет. Талапкерлердин шайлоодон кийинки абалы кандай?

КСДПнын талапкери Сооронбай Жээнбеков алдын ала жыйынтыкта 54 пайыз добуш менен алдыга чыкты. Бул - Жээнбеков атаандаштарын 1-турда эле утуп, тактыны ээлейт дегендик. Андыктан, жеңүүчү азыркы тапта 1-декабрды, учурдагы президент Алмазбек Атамбаев кызматын тапшыра турган күндү күтүп, акырындан инаугурацияга даярдык көрүп жаткан чагы. Мыйзамга ылайык, Атамбаевдин 6 жылдык мөөнөтү 2017-жылдын 1-декабрында бүтөт.

Жарышта ири айырмачылыкта Сооронбай Жээнбековго утулуп, 2-орунду ээлеген Өмүрбек Бабанов шайлоо жыйынтыгына моюн сунарын, шайлоо жарышынан кийин эс аларын айткан. Бул арада президент Алмазбек Атамбаев "Таластын байлары Чыӊгыз Айтматовдун күмбөзүн бүтүрүүгө акча беришпегенин" айтып сындады эле, Бабанов жазуучунун Бишкектеги эстелигин жасоого демөөрчүлүк кылып, 800 миӊ сом бергенин билдирип, ажого жооп узатты. Жакында интернет желесине Бабановдун шайлоодо жеӊилгенин угуп ыйлаган жаш кыздын видеосу тараган эле. Бабанов жаш күйөрманына Бишкектен атайы жолугуп белек тартуулап, жылуу сөздөрүн айтты. Ошентсе да "Республиканын" лидери шайлоо жарышына чейинки калыбына кайтууга, Жогорку Кеңештеги депутаттык, фракциянын лидери милдетине кайтууга күч таба элек.

Бабановдун тандемдеши Бакыт Төрөбаев дагы шайлоодон кийин прессанын фото-видеокамерасына уруна элек.

Утулган 10 талапкердин ичинен жалгыз Адахан Мадумаров шайлоо жыйынтыгын тааныбай турганын, жүз миӊдеген Кыргыз жаранынын укуктары бузулганын айтып чыкты. "Бир күрөш бүттү, эми экинчиси башталат" деген "Бүтүн Кыргызстандын" лидери өлкөнүн азыркы багытына каршы "Мен макул эмесмин" деген улуттук кыймыл түзүүгө чакырык жасады. Мадумаров саясаттан кетпей турганын, мындан ары элдин аӊ-сезимин өзгөртүүгө күч жумшаарын жар салды.

Темир Сариев болсо шайлоодон кийин өлкөдөгү шайлоо системи олуттуу реформага муктаж экенин айтып, Мадумаровдой эле саясий ишмердүүлүгүн улантарын баса белгиледи.

Ал эми талапкер Улукбек Кочкоров дагы шайлоодо добуш сатып алууга жол берилгенин, бийлик азыркы саясатты уланта турган болсо жаӊылышарын эскертип өттү.

Интернет желесинде дал ушул Улукбек Кочкоров менен президенттикке талапкер Таалатбек Масадыковдун мыкты кадр болоруна ишеним артып, азыркы бийликке ушул экөөнү кызматка алууну сунуштап жатышат. Өмүрбек Бабанов президент болуп калса Кочкоров менен Масадыковду командасына чакырарын айткан эле. Президент Жээнбековдун командасында коомчулуктун жылуу колдоосуна татыган бул эки кесипкөйгө орун табылабы-жокпу, декабрдан кийин билинет.

Шайлоо жарышына жакын Азимбек Бекназаровго Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон. Шайлоого 2 күн калганда бийликтин кадамдарын колдойм деп сүйлөп, атүгүл шайлоого катышуудан баш тартканына караганда КСДПнын талапкеринин реалдуу мүмкүнчүлүгүн көрүп, учурдагы бийлик менен көпүрөнү биротоло өрттөп салбай, сактай турууну чечти көрүнөт...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан