Бабанов: "Биринчи жолу бизде президенттик шайлоо чоң атаандаштык менен өттү"

Бүгүн, 16-октябрда президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов шайлоонун алдын ала жыйынтыктары туурасында маалымат жыйын өткөрүүдө. Анда талапкер өзүнө добуш берген шайлоочуларына ыраазычылык билдирди.

“Менин шайлоочуларым, менин тарапташтарыма ыраазычылык билдирем. Бул шайлоодо 600 миңден ашык адам мени колдоду. Бул адамдар мамлекетибизде өзгөрүү болсун, жаңылануу болсун, алдыга жол болсун деп мамлекеттик ресурстан, укук коргоо органдарынан коркпостон өз оюн айтып, добуш берди. Мен сиздерге чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдирип кетким келет. Биринчи жолу бизде президенттик шайлоо чоң атаандаштык менен өттү”, - деди Бабанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан