Жогорку Кеңештин комитети вице-премьерликке Дайыр Кенекеевдин талапкерлигин жактырды

Бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети вице-премьер-министр кызматына Дайыр Кенекеевдин талапкерлигин жактырды.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти комитетинин жыйынында Кенекеев 2 жарым жылдан бери өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштегенин айтты. Облусту жетектеп тургандагы жетишкендиктерин атады. Жыйынтыгында депутаттар анын талапкерлигин колдоого алышты.

Дайыр Кенекеев азыркы тапта Талас облусунун башчысы. Ал жол кырсыгынан каза тапкан вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун ордуна бекитилгени жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан