Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров жол кырсыгына кабылып каза болду

Бүгүн, 7-октябрда Чүй облусунда вице-премьер-министр Темир Жумакадыров жол кырсыгына кабылып каза болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, унаада анын жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочу болгон. Алар экөө тең оор жаракаттан улам каза болушту.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, окуя бүгүн, 7-октябрь күнү эртең менен саат 07:30 чамасында Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Садовое айылындагы бөлүгүндө болгон.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Темир Жумакадыровдун, анын жардамчысы Нурлан Жамгырчиевдин жана айдоочусунун көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (32)
evra_kg
2017-10-07 11:18:44
Жаткан жери жайлуу болсун
Аявай эле кобойду бул жылы дпстер барбы озу эмнени козомолдоп жатат
+3
Muratmipa
2017-10-08 10:12:43
evra_kg,алар акча чогултмай менен убара мен 570 айдап кетип жатсам токттоту эле токтобой кетип калсам артымдан кууган деле жок. Анан озумду олумуш машинем менен токтобой кетип жатсам артымдан кууп жетип келди
+1
gulzat85
2017-10-07 11:23:43
Жаткан жеринер жайлуу болсун.жакындарына сабыр тилейм
+3
Pandora
2017-10-07 11:25:03
Жайы жаннаттан болсун.Жакындарына сабр... Эрте менен эле ойлобогон адамдарын,жап жаш ойносо ойунга,иштесе ишке тойбой турган куракта каза болуп адамды кейитти
+3
dinikyz
2017-10-07 11:26:18
2 кундо эле 4 адамдан айрылдык бул кандай суук кабар журогум ооруп кетти жаткан жерлери жаннаттан болсун ар бир кылган куноолорун кудайым озу кечире корсун.
+4
Nureles92
2017-10-07 11:29:19
Өлүм айтырбай келет деген ушулда
+5
TazaKyrgyz
2017-10-07 11:40:47
Ошондо уч киши каза болдубу?Жаткан жерлери жайлуу болсун.Ажалга айырма жок экен тууганым сен кимсин
+4
Alixan-Nookat.2015
2017-10-07 11:49:07
Жаткан жериниз жайлуу топурагыныз торко болсун! Жакшы адамдын омуру кыска болот дегенине дагы бир жолу ынандым жаш кучтуу кадр болчу.
+4
maks94.kb
2017-10-07 11:52:51
Жана көрүп шок болуп калдым эле
+2
Kyrgyz06
2017-10-07 12:10:16
жаткан жерлери жайлуу болсун омийин.ДПС жок дейбиз жолдо турушса дагы айтабыз дон эле текшере берет деп ГАИ ни козомолдоп трассага коюуп коюш керек катууда айдашат казкхстанда эл жашаган аймакта 20,30 км.ГАИ си кармаса олчойгон штраф.
+5
janjigit
2017-10-07 12:12:50
Жараткан алла бейишинен бере кор.бул кырсыкты да ар ким оз денгээлине жараша жоруй баштаптыр.
+4
satiev87
2017-10-07 12:14:13
арты кайрылуу болсун
+4
KGstan1981
2017-10-07 12:16:41
Жайы Жанната болсун.Топурагы алтындан болсун.Оомийн.Жаш экен 38жашта экен.Ошону учун мусулман бир туугандарым кээ бирлер айтат эртен пенсияга чыгайын же балдарым чонойсун анан Намазды окууп баштайм.Эртенки кунун эмне болушун бизди жана бут Ааламды жараткан Кудайдан башкаэч ким бильбейт.Ошону учун намазды оокугула мусудман бир туугандарым.Анан маркумдун соогун куттурбой карматпай тез аранын ичинде жерге комгуло.
+5
Snejana
2017-10-07 13:53:59
Окунучтуу!
+4
zamir.pochta
2017-10-07 16:15:04
жайы жанатта болсун
+3
admin_superstan
2017-10-09 15:42:21
Akyl78.1501, ady-88, этика нормаларын сактаңыздар. 2 күндөн БАН!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан