Президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева Кыргыз-Казак чек арасындагы көзөмөл өткөрүү бекетинде 2 саат кезек күттү. Бул тууралуу ал интернеттеги баракчасына жазды.
Шагиеванын билдирүүсүнө ылайык, ал Киевде өтө турган сүрөт көргөзмөсүнө Алматы аркылуу учмак.
"Биз Алматыга баруу үчүн акылсыздык кылып өзүбүздүн унаабызды айдап алганбыз. Буга байланыштуу чек арадагы көзөмөл-өткөрүү бекетинде 2 саат турдук. Көрсө такси менен келип, чек ара бекетинен жөө өтүп, кайра таксиге отуруу туура болмок экен. Жети айлык балам жанымда болгондуктан мен бир аз ачуулана баштадым. Уулум Таир ыйлап баштады, күйөөм мени тынчтандырып жатты. Учактын уча турган убактысына кечигип калабыз деп ойлоп, бул абалга бир тарабынан ыйлагым келсе, бир жагынан күлкүм келди. Бизге кезек жетип, көзөмөл-өткөрүү бекетине келгенде биз Таирди жалпы жарандык паспорту жок эч жакка алып кете албастыгыбызды билдик. Ошондо 7 айлык баланын да жалпы жарандык паспорту болуш керек экендигин биринчи жолу билдик" - деп жазган Шагиева.
Мындан кийин түгөйлөр уулун чоң энесине таштоону туура көрүп, кайрадан шаарга кайтып келишкен. Кайненеси баласын алып калып, өздөрү таксиге отуруп чек ара бекетине келип, жөө өтүшкөн.
"Биз чек арадагы көзөмөл-өткөрүү бекетинен өтүп, таксиге отурган кезде түнкү саат 02:30 болчу, учак саат беште учмак. Таксистке бул тууралуу айтканыбызда ал жогорку ылдамдыкта, бирок сөгүнүп айдап бара жатты. Аэропортко 4:45те жеттик, бизди рейске коё беришкен жок. Кийин билсем ал рейстеги учак кечигип учкан экен, башкача айтканда, каттоодо отурган кыздар бизге жардам бергиси келбептир. Ошентип кийинки рейс менен Киевге учуп келдик", - деген ал.