Жанар Акаев Кыргыз-Казак чек ара маселеси тууралуу: "Жылуу креслодо отуруп алып куру намыс кылуу оңой"

Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жанар Акаев Кыргыз-Казакстан чек арасында жаралган маселелерге токтолуп, мындан көбүнчө карапайым калк жабыр тартып жатканын айтты. Ал көз карандысыз уюмдардын эсебине таянып, айрым ишкерлер күнүнө 10 миң доллар чыгымга учурап жатканын айтты.

"Кыргыз-Казак чек арасында абалдын залалы элге тийип жатат. Он күндөн бери чек арадагы абал жеңилдеген жок. Жүздөгөн жарандар чек арада ден соолугун жоготуп, кезек күтүп абдан оор абалда кыйналып жаткан учуру. Ишкерлерибиз, мөмө-жемиш, сүт азыктарын ташыгандар, жүк ташуучу унаалар кезек күтүп жатат. ЭКСПО деген уюмдун маалыматы боюнча, Казакстанга азык-түлүк ташыган бир эле ишкер күнүнө 10 миң доллар зыянга учурап жатат. Муну өкмөт болгон күч аракети менен чечиши керек. Менимче, өкмөттүн ЕАЭБдин алкагында жүргүзгөн иштери жетишсиз. Анын залалы эми элге тийип жатат", - деди депутат.

Акаев казак медиасы акыркы күндөрү түрдүү маалыматтарды таратып жатканын айтып, өкмөттү маалымат талаасында дыйкандарды колдоого чакырды.

"Казак мамлекеттик маалымат каражаттарында "Кыргыз жергесинен келген азык-түлүк, мөмө-жемиштер ар кандай оору илдеттерге чалдыккан жугуштуу оорулар болушу мүмкүн" деген маалыматтар кетти. Биз дагы кыргыз тарап мындай карап турбастан, биздин азыктар экологиялык жактан таза деп айтып, өкмөттүк деңгээлде ишкерлерге колдоо көрсөтүшүбүз керек. Эки тарап тең бир бүтүмгө келет деп ойлойбуз. Албетте, жылуу креслодо отуруп алып куру намыс кылуу оңой. Анын азабын элибиз тартат", - деп кошумчалады Акаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
ekaterinburg
2017-10-19 11:11:06
Калганын билбейм,ушул баланы кайсы бир министрдин ордунан коргум келет.Президент десем аша чаап кеткен болом го.А ким билет,а балким...
+23
kazybek3001
2017-10-19 11:13:03
Президентин кашасын биз жейбизда эми минтип.
+12
grace
2017-10-19 11:22:09
Рахмат Жанар, жалгыз ушул маселени көтөрүп чыкканыңа! Калгандары эмне кылып отурушат, мумияны талкуулап. Тирүүлөрдүн көйгөйү башкы орунда турат го. Мумия 65 жыл жатыптыр, дагы бир аз турса эч нерсе болбойт. Жолду чечкиле, арсыздар!
+15
akylbek57
2017-10-19 11:23:55
Ойлонбогон "Балп" эткен создордун касаапаты элге тийип, канча деген кыйынчылык туулуп, эки элдин ортосунда, эл кыйналды. Ушундай "Балпты" жаштар ондоп Сапар, Жанар жана копчулук жаштарга заманды тапшырсак, жакшы жашоо кыргыз элине болуусу таандык.
+7
bekov01
2017-10-19 11:24:49
Азамат! Жалгыз ушул чындыкты бийликтен коркпой айтып келет. Ушул жолдон тайбаса бууйруса президент болот
+12
barsbegKG
2017-10-19 11:26:22
Адилет заман орноп ушул жолунан тайбай өз позициясын колдоп коргоп келсе президенттикке да татыктуу болот! Келечек алдыда!
+6
NURSAPAR
2017-10-19 11:38:37
Азамат! Ушундай кыргыздын патриот жигиттери болсо тез эле оңолот элек калганы баары эле өз көмөчүнө күл тарткандар. Көз тийбесин келечекте ажо болсо сүйүнөт элем
+9
kechirmeni
2017-10-19 11:50:32
Болоор бала ХХХХ дейт Азамат, озунун колунан балп балп дегенден башка эч нерсе келбейт дагы бироону балашка деп коет АША, ушул балабыз жакшы иштейт буюрса
+3
taalay25
2017-10-19 11:57:17
Балп этмене элин чыдайт элин угат! Мал десен да кой десен да адам эмес десен да каапыр десен да! Башка эл которбойт сенин балп этменди! Каримов, Ердоган, Назарбаев буга мисал. Балп эттирсе балп талп этип журо берсин бул туулганда тийген "дарт", дейсин зыянын эл тартып атбайбы?
+6
Zinazima
2017-10-19 19:33:26
Жанра азамат мыктысын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан