Вице-премьерликке жаңы шайланган Дайыр Кенекеев кайсы маселелердин үстүнөн иштей турганы белгилүү болду

Бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңештин чечими менен өкмөттүн түзүмүндө өзгөрүүлөр болду. Депутаттар Дайыр Кенекеевдин өкмөттүн аймактык өнүктүрүү жана айыл чарба боюнча вице-премьер-министри кызматына талапкерлигин жактырды. Буга чейин бул тармакты жетектеп келген Дүйшөнбек Зилалиев өкмөттүн коопсуздук маселелерине жооптуу вице-премьер-министри болуп жактырылды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев билдирди.

"Темир Жумакадыровдун кызмат ордуна Дүйшөнбек Зилалиев келет. Ал эми Зилалиев жооптуу болгон тармакта Дайыр Кенекеев иш алып барат", - деди Нурбаев.

Белгилей кетсек, Дайыр Кенекеев буга чейин өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп келген. Ал эми коопсуздук маселелери үчүн жооптуу вице-премьер-министр Темир Жумакадыров 7-октябрда жол кырсыгына кабылып каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан