Чүй облусунда жүк ташыган унаа менен жол тандабас сүзүшүп, 2 адам катуу жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда окуянын күбөсү SUPER.KG`ге билдирди.
Анын айтымында, окуя бүгүн, 7-октябрь күнү эртең менен саат 07:30 чамасында Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Садовое айылындагы бөлүгүндө болгон.
"Жүк ташыган унаа катуу келгендиктен Тойота Прадо үлгүсүндөгү жол тандабасты жолдун четине 10-15 метрдей сүйрөп, жолдон электр мамысын да сүзүп кулатып кеткен. Тойота Прадонун ичинен катуу жаракат алган эки адамды "Тез жардам" кызматынын дарыгерлери алып чыгып карашууда. Жабырлануучулар катуу жаракат алышкан", - дейт күбө.