Президент Алмазбек Атамбаев 25-октябрда Дайыр Кенекеевди вице-премьер-министр кызматына дайындоо боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.
Жогорку Кеңеш Дайыр Кенекеевди кечээ вице-премьер-министрликке шайлаган.
Белгилей кетсек, Дайыр Кенекеев буга чейин өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп келген. Ал күтүүсүз дүйнөдөн кайткан вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун ордуна өкмөт мүчөсү болуп бекитилди. Темир Жумакадыров 7-октябрда жол кырсыгына кабылып каза болгон.