Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жыйыны 25-октябрда Армениянын борбору Ереванда болду.
Анда Кыргыз өкмөт башчысы Сапар Исаков казак тараптын чек ара бекеттеринде киргизген чектөөлөрү ЕАЭБ келишимдерине каршы келерин айтты. Ал эми Казак өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев ага жооп кылып, Кыргыз жергеси аркылуу өтүп жаткан Кытай реэкспорту тууралуу маселени ортого койду.
"Кесиптешибиз Сапар Жумакадырович азыр Кыргыз-Казак чек арасында кыйынчылыктар бар экенин айтты. Мен анын себептерин айтып берейин. Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматы боюнча, 2016-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнө 201 миллиард доллар товар импорттолгон. Анын басымдуу бөлүгү 22,7 пайызы Кытайдан келүүчү товарлар. 2014-2016-жылдарга алынган анализдер боюнча, Кыргыз мамлекетинен тышкары ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө Кытайдын импорту төмөндөгөн: Казакстанда 2 эсе, Орусияда 4 эсе", - деди Казакстандын премьер-министри.
Сагинтаев Кыргыз менен Кытайдын соода жүгүртүү статистикасы кескин айырмаланарын, кыргыз тарап бажы көрсөткүчтөрүн азайтып келерин билдирди. Бул көрүнүштү Кытайдан айрым товарлар бажы алымы алынбастан, аткезчилик менен өтүп жатканы катары белгиледи.
"Жалпысынан үч жыл ичинде Евразия экономикалык биримдигиндеги өлкөлөр бажы алымдары жана салыктан 2 миллиард 687 миллион доллар зыян тарткан", - деди Сагинтаев. Буга байланыштуу ал Кыргыз-Казак чек арасындагы абал катуу көзөмөлгө алынып жатканын айтты.