Кыргыз-Казакстан кризиси 2017-жылдын 1-декабрынан тарта жөнгө салынышы мүмкүн экенин бүгүн, 26-октябрда Бишкекте өткөн тегерек столдо казакстандык эксперт Жаксылык Сабитов билдирди. "Кыргыз-Казак чек арасындагы кырдаал Кыргыздын жаңы президенти ишке киришкенден тарта жөнгө салынышы мүмкүн. Өлкөлөр ортосундагы түшүнбөстүктөр шайлоо алдында пайда болду", - деди эксперт.
Ал эми Кыргыздын коомдук ишмери Орозбек Молдалиев СССРдин жоюлушун "цивилизациялык ажырашуу" деп эсептебей турганын, Советтер союзу тарагандан кийин чек ара маселелери жарала баштаганын айтты.
Белгилей кетсек, Бишкекте бүгүн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгы жана андагы маселелер талкууланган тегерек стол өттү.