Түгөлбай Казаков маданият, маалымат жана туризм министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду.
Казаков маданият, маалымат жана туризм министри кызматын 2016-жылдын 19-сентябрынан тарта аркалап келген.