Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков кызматынан өз каалоосу менен кетти. Мындай билдирүүнү бүгүн, 28-октябрда аталган министрликтин маалымат катчысы SUPER.KG порталына кабарлады.
"Ал буга чейин өз каалоосу менен министрлик кызматтан кетүү жөнүндө арызын жазган", - дейт маалымат катчы.
Ал эми Түгөлбай Казаков акыркы айларда министрликтин дарегине карата сын-пикирлердин көбөйүп кеткенин, бул аны кызматынан кетүүгө түрткөнүн билдирди.
"Белгисиз кыздын мумиясын көмүү боюнча түрдүү сындар айтылды. 60 жылдан бери изилденбей жаткан мумияны музейге келгендерге эмне деп айтмак элек? Ошондуктан сөөктү жерге берели деп чечкенбиз. Буга катар 1967-жылы жоголуп кеткен экспонаттарды азыр айтып, министрликти күнөөлөп жатышат. Мен 50 жыл мурун жоголгон экспонаттарга кантип жооп берем? Мунун баарынан тажадым ачык айтканда. Министрликке карата айтылган сын-пикирлер кызмат ордумду бошотсом токтойт го деген ойдо, мен кетсем кетейин, министрликти жалган маалыматтар менен жамандабагыла деп кызматтан кетүүнү чечтим", - дейт ал.
Ошондой эле Казаков мындай сын-пикирлердин айтылышынын артында атайын бир башка максаттар болушу мүмкүн экенин кошумчалады.
Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев Түгөлбай Казаковду кызматтан бошоткону маалымдалган.