Активисттер Жогорку Кеңештин депутаттарынан чек арада чыгашага учурап жаткандарга жардам берүүнү талап кылышты

Активисттер бүгүн, 30-октябрда берген маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттарынан Кыргыз-Казак чек арасындагы тоскоолдуктан улам жапа чегип жаткандарга жардам берүүнү талап кылышты. "Элдик кошуун союзу" биримдигинин төрагасы Алга Кылычевдин "чек арадагы тоскоолдуктун жоюлушу бир гана президент менен өкмөткө керек эмес" деген оюн айтты.

"Эл да айтып жатат "депутаттар эмне маселени чечпей жатат?" деп. Президент же өкмөт гана эмес, 120 депутат да чуркашы керек, бир жолун табышы керек. Өлкө ЕАЭБге кирип жатканда ошол депутаттар колдошкон. Президент чек арада кезек күтүп тургандардын тамак-ашы үчүн 1 миллион сом бөлдү. Депутаттар да кеткен чыгашаларды жабуу үчүн ар бири 1 миллион сомдон бөлүп беришсин", - деди Кылычев.

Кыргыз-Казак чек арасындагы тоскоолдуктар 10-октябрда жаралып, ошол күндөн бери бир канча оор жүк ташуучу унаалар жүк алып өтө албай кезекте турат. Өкмөт башчы Сапар Исаков 18-октябрда Астанага барып эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин жүргүнчүлөргө жол ачылып, бирок жүк алып өтүү маселеси чечилген эмес. Кечээ Ереван шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңештин алкагында маселени чечүү үчүн иштелип чыккан жол картага кол коюлмак. Бирок Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев кол коюудан баш тартып койгон.



Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Anichka12
2017-10-30 11:39:10
Шакл суйлоп койуп коп нерсеге чыгаша болду биздин эл.Эми кара президент же окмот элемес парламент дагы кийлигиш керек дейт эмне ХХХХ оозун парламент тырмадывы
+1
admin_superstan
2017-10-30 12:06:40
Anichka12, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
0
Sonyvaio
2017-10-30 12:43:12
Айланайын кыргыздар кантип тушунбой атасынар силер андан коро Атасы байга айткыла бажы кызматынын тиешелуу адамдарын алмаштырсын ошондо ачылат граница
0
Dalil
2017-10-30 12:44:11
Бизге 120 депутаттын кереги барбы? 12си жетет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан