Өкмөттүн отуруму Темир Жумакадыровду эскерүү менен башталды

Бүгүн, 30-октябрда өкмөттүн отуруму Темир Жумакадыровду эскерүү менен башталды.

Премьер-министр Сапар Исаков вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун жол кырсыгынан каза болгону боюнча иликтөө жүрүп жатканын айтты.

"Бизге Темир Жумакадыров жакын адам болгон, эч качан унутпайбыз. Ал жаш болсо да Кыргыз мамлекетинин өнүгүүсүнө салымын кошкон. Ошондой эле "Таза коом" долбоору боюнча жакшы иштерди жасайын деп жатты эле", - деди ал.

Ошону менен катар эле жаңы өкмөт башчы вице-премьер-министр болгон Дайыр Кенекеевди өкмөт мүчөлөрүнө тааныштырды.

Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров 7-октябрда жол кырсыгына кабылып каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nursultanbek
2017-10-30 17:04:44
эми шалпыйбай жакшы иште Дайыр Кенекеев!!! анан депутаттарга да Манас китебин ачып окуп берем деп журбо!!! Депутаттардын ичинде кучтуу саясатчылар коп абайлап суйло чон чон жыйындарда!! буйруса Текебаев келгенде чоочуп качып кетпе !!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан