1924-жылы 1-ноябрда кыргыз милициясы негизделген. Кара-Кыргыз автономиялык облусунун ревкому Аткаруу комитети менен административдик бөлүмдөрдү ачуу туурасындагы чечим чыгарып, анын натыйжасында облуста материалдык бөлүм иштей баштаган. Материалдык бөлүмдө жалпы милиция, кылмышты тергөө жана түрмө бөлүктөрү орун алып, милициянын укук коргоо багытындагы иши 1924-жылдын 1-ноябрынан тарта башталгандыктан бул дата кыргыз милициясынын уюшулган күнү катары кабыл алынган.
Бул кылымга тете убакыттын ичинде милиция эки доордун оош-кыйыштарын башынан өткөрүүгө туура келди, күрөш жолунда такшалды, коом үчүн зарылчылыгын айгинеледи. Кыргыз укук коргоо тармагынын таржымалы советтик доор менен тыгыз байланыштуу.
1924-жылы 1-ноябрда Революциялык комитеттин коомдук административдик бөлүмүнүн башчысы Ибрай Тойчинов өзүнүн отчётунда Кара-Кыргыз автономдуу облустук милиция башкармалыгы түзүлүп, анын биринчи начальниги болуп Арумов Аркадий Петрович дайындалды деп билдирген. Ошол убактан бери 1-ноябрь - Кыргыз Республикасынын милициясынын "төрөлгөн" күнү катары майрамдалып келе жатат.
Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде кыргыз милициясы 236 бандиттик топторду куралсыздандырып, 1847 ок атуучу куралдарды тартып алган, колхоздорго жана совхоздорго миңдеген тонна уурдалган буудайды, жүздөгөн баш малды кайтарып берген.
Алар 90 миң балага ата-энесин издөөгө, эки жүздөн ашуун тууган-туушкандардын табышуусуна жана эвакуацияланып келгендерди жумушка орноштурууга жардам беришкен.
Милиция өзүнүн өнүгүшүнүн бардык этаптарында элдин кызыкчылыгын көздөө менен өзү да элден колдоо тапкан.
Эгемендүүлүктүн жылдарында кыргыз милициясынын орду түрдүү саясий окуяларда байкалды.
1990-жылы июндун башында Өзгөндөгү улуттар аралык жаңжал чыгып, мындан 200дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылган. Мындан улам окуя болгон аймактарда коменданттык саат киргизилип, милиция күчөтүлгөн тартипте коомдук абалды жөнгө салган. 2005-2010-жылдардагы саясий кармаштарда, бийлик алмашууларда милициянын дарегине далай сындар, нааразычылыктар айтылганы менен, бул кызмат мамлекеттин бүтүндүгү, коомдун тынч, бакубат жашоосу үчүн маанилүү экени байкалды. 2010-жылы өлкөнүн түштүк аймагында болуп өткөн июнь окуясындагы баш аламандык учурунда 13 милиция кызматкери каза болгон. Кыргыз өлкөсү эгемендүүлүккө ээ болгон күндөн бери жалпы 250гө чукул милиция кызматкери кызматтык милдетин аткаруу учурунда каза болушкан.
1-ноябрга карата жылнаама.