Бүгүн, 1-ноябрда Жогорку Кеңештеги жалпы жыйында "Адам сатууга каршы" мыйзам долбоору талкууланды. Анда депутаттар Кыргыз аялды ур-токмокко алган Түркиядагы полиция кызматкерлери кандай жаза алганына кызыкты.
"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Экмат Байпакбаев бул ишке кайдыгер мамиле жасалып жатат деп дипломаттардын ишин сындады.
“Бул окуя кандай жыйынтыкталды? Ал кызматкерлер жазаландыбы? Түркияда биздин жаран тепкиге алынып жатат. Биздин чет өлкөдө иштеп жаткан дипломаттар биринчи ошол жерге барып турушу керек. Ошол жерден маселени чечип айтышы кажет. Дипломаттар, сиздер иштөө системин карап чыгышыңыздар керек. Сиздер болгону жумушка кирүү үчүн уруксат кагазына жардам берип чектелип жатасыздар”, - деди Байпакбаев.
Буга чейин Түркияда полиция кызматкерлеринин ур-токмогуна кабылган аялдын видеосу интернетке тараган. Кийинчерээк ал Кыргыз жараны экени белгилүү болгон.