Америкалык жазуучу аял 32 жыл мурун ага актёр Дастин Хоффман сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаганын айтып чыкты

"Оскар" сыйлыгынын эки жолку ээси, америкалык актёр Дастин Хоффман өзүнүн жардамчысына сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерди жасаган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазуучу Анна Грэм Хантердин маалыматына таянып жазууда.

Маалыматта жазылгандай, жазуучу 1985-жылы 17 жашында тасма тартуу учурунда Хоффмандын жардамчысы болуп иштеген. Ошол кезде актёр аны интимдик темада сүйлөшүүгө чакырып, мамиледе болууну сунуштаган.

"Бир күнү эртең менен анын грим жасаган бөлмөсүнө эмне тамак ичерин сурап кирип калдым. Ал мени кечке тиктеп, мыйыгынан күлүп эртең мененки тамактын ордуна мени каалай турганын айтты. Буга катар эле абдан уяттуу сөздөрдү кошумчалады. Айланада турган адамдардын баары күлүп жиберди. А мен болсо эшикке чыгып көпкө ыйладым", - деп билдирген жазуучу.

Бул окуя тууралуу актёр дагы үн катып, ал бул сөздөрдү тамаша катары айтканын жана Аннаны бул окуяларды жүрөгүнө мынчалык жакын кабыл алат деп ойлобогондугун билдирген.

"Көп жыл мурда болуп өткөн иштер жана Аннага жасаган мамилем менин кандай адам экенимди айтып бере албайт", - деген ал.

Эске сала кетсек, атактуу Голливуд продюсери Харви Вайнштейнге да жогорудагыдай айып коюлуп ал жумуштан айдалган.

Дастин Хоффман - америкалык кино жана театр актёру, кинорежиссёр жана продюсер. Ал "Крамер против Крамера", "Джон и Мэри", "Маленький большой человек" жана башка 100гө жакын тасмаларга тартылып, белгилүү болгон.

http://www.super.kg/kabar/news/205063/

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Pandora
2017-11-02 19:02:29
Поэзд отуп кеткенден кийин не айтат,эгер балдары болсо алардын психикасына чоон таасирин беретго.Убагында айтпадыбы,жабылуу казан,жабылуу бойдон калыш керек эле
+2
Ali-han
2017-11-02 22:47:22
Кунаажын козун сузбосо бука жибин узбойт
0
Nevestkaa
2017-11-02 23:24:37
Кунаажын букага чөп жейсинби жем жейсинби деп барса эле жибин үзүп челиптир .Бул жерде кунаажында күнөө жок.
0
nazira...
2017-11-03 15:28:44
Жаман нерсе болсо эле аял куноолу, жакшы нерсе болсо эркек азамат. Тооба......
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан