ЭЛДИК КАБАР: "Токмоктун жашоочусу үйүнө таштанды топтойт" деп жазат окурман

Токмок шаарынын Ленин көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин жашоочусу үйүнө таштанды топтойт. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда окурман "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу билдирди.

Анын айтымында, 2 бөлмөлүү батирде 70 жаштагы улгайган аял 50 жаштагы кызы менен жашайт.

"Бул тургундар алкоголдук ичимдиктерди ашыкча колдонушат, үйүнө таштанды ташый берет. Андагы жыт бүтүндөй коңшуларга тарайт. Мындан тышкары батирде чычкан, таракандар көбөйүп жакын жайгашкан батирлерге да кирип жатат. Таштандыдан тазалангыла деп көп эле жолу айттык, бирок жыйынтык жок. Кечээ эртең менен алардын үйүнөн өрт чыгып, өрт өчүрүү кызматы келди", - деп жазат окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Tansuluu09
2017-11-02 18:54:08
Тоа
0
Sezimka27
2017-11-02 19:01:02
кызык адамдар бироосу Отто еле таза башкасы Отто еле балит
+5
Batma08
2017-11-02 19:04:35
Кандай чыдап жашайт экен а
+1
Pandora
2017-11-02 19:05:27
Сыртка кантип чыгышат? Бут койгон жердин баары эле мусорго.Коонум айланып кетти
0
Aikoo2014
2017-11-02 19:49:14
Кээ бир адамдар ушундай бир оору менен ооруйт экен. Уйуно таштанды уйгонду жактырып, таштанды ташый берген.

Ушул таштандыны уйо берип уйунон орт чыкса уулвнып олгондор деле барго. Бул албетте жаман корунуш, кошуналарыда азабын тартат. Андай жерден чычкан келемиштер, таракан деген нерселер коп болотда. Алар оору ташуучу жандыктар. Жакшылап эле уйун тазалатып салуу керек. Кобун эсе орустар ушинте берет болуш керек.
+3
upol92
2017-11-02 19:51:23
Орустарда аябай коп. Оору бул. Бир аял 8млн дук уйун мусорго толтурган сат десе сатпайт, сасып же элге жашоо бербейт. Орустарда коп мындай бабулялар.
+3
salman-dastan
2017-11-02 21:01:44
Плюшкин менен жабыркайт го.
+1
Bak.taalai
2017-11-02 23:30:29
Тобооооо ото тан калдым биринчи корушум ушунча чирикти... Мусор тугул кийилбей калган кийим болсо эле сразу орттоп жоготкончо шашам
0
Bak.taalai
2017-11-02 23:31:48
Кантип аттап киришет болду экен мусорго комулуп калышкан го. Бир куну мусорго комулуп аба жетпей олуптур дешсе тан калбайм.
0
МАЛЫШ
2017-11-03 01:04:17
Мусор тогуп убара болбойле кошунана бер да
+3
Talgat89
2017-11-03 01:34:49
Эмнегедир орустарда коп кездешет бул оору. Бул да психикалык оорунун бир туру
0
Bars111
2017-11-03 15:01:00
ПЛЮШКИН деп коюшат мындай адамдарды.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан