Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабанов өзүнө карата козголгон кылмыш иши боюнча билдирүүнү интернеттеги социалдык тармактар аркылуу таратты.
Бабановдун билдирүүсүнүн тексти төмөнкүдөй:
"Бүгүн биз баарыбыз укук коргоо органдары тарабынан мага карата ойдон чыгарылган, саясий кылмыш ишинин козголушуна күбө болдук. Мунун жалган жалаа экендиги баарыбызга маалым. Тилекке каршы, мага ушундай өзүм билемдикке жол бербей турган реформаларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк беришпеди.
Бийликтегилер бардык көйгөйлөрдүн булагы Бабанов эмес экенин түшүнбөй жатышат. Мен саясий аренадан кетсем эле өлкөдө жашоо жакшырып, маселелер чечилип кетпейт. Ар нерсеге эле мени жабыштырып, күнөөлөп, каралай берүүгө болбойт. "Ак ийилет, бирок сынбайт" дегендей, чындык эртеби, кечпи белгилүү болот.
Мен али да болсо бийлик даанышмандык кылып, бул ишти жаңылыштык катары четке кагат деп ойлойм. Бийлик куру саясат менен эмес, элибиздин турмушун жакшырта турган реформаларды жүргүзүү менен алектениши зарыл.
Ар бир адилетсиз иштин аягы жакшы бүтпөйт. Эски каталарды кайталабай, адилеттүү болууга чакырам. Болбосо өлкөдө көп жылдар бою биз жок кылууга аракет кылып келген автократия кайрадан орнойт!" - деп айтылат билдирүүдө.
Айта кетсек, бүгүн, 4-ноябрда Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго карата "Улуттар аралык кастыкты козутуу" жана "Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоду. Тергөө иштерин УКМК жүргүзмөкчү.