Өмүрбек Бабановдун өкүлү: "Мен Бабанов менен сүйлөштүм, ал Кыргыз өлкөсүнө кайтып келет"

"Өмүрбек Бабанов кандай болгон күндө да Кыргыз өлкөсүнө кайтып келет" деп бүгүн, 27-мартта маалымат жыйынында экс-депутаттын өкүлү Ислам Каргабаев билдирди.

"Мен Өмүрбек Токтогулович менен сүйлөштүм. Ал бийликтин да, элдин алдында да эч кандай күнөөсү жок экенин айтып, жакын арада өлкөгө кайтып келерин билдирди.

Анын Он-Адырда айткан сөздөрү боюнча төрт экспертиза өткөрүлүп, эч кандай улуттар аралык козутуучу сөздөр болбогону аныкталды. Экспертизалардын бири Орусиядагы атайын адистештирилген борбордо өткөрүлдү, анда Бабановдун сүйлөгөн сөздөрү башынан аягына чейин иликтенип чыкты, анда улуттук аралык кастыкты козутууга болгон чакырыктар же белгилер болбогону анык болду", - деди Каргабаев.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

2017-жылдын 4-ноябрында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бабановго Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси менен кылмыш иши ачылган. Башкы прокуратура Бабановго карата "Улуттар аралык кастыкты козутуу" жана "Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгогон. Мындан улам Бабанов жыл аягында саясаттан биротоло кете турганын жарыялап, депутаттык мандатын дагы тапшырган.

2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек. 2018-жылдан 28-мартында Бабановго "мамлекеттик бийликти басып алууну көздөгөн" деген айып менен дагы бир кылмыш иши козголгон.

Бабановдун өкүлү Каргабаев: "Өмүрбек Бабанов кандай болсо да Кыргыз мамлекетине кайтып келет"
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан