Марлен Маматалиев: "Дыйканбаев Бабанов саясаттан кеткен учурдан пайдалангысы келип жатат"

Бүгүн, 13-мартта Болот Дыйканбаев Борбордук шайлоо комиссиясы аны "Республика-Ата Журт" партиясынын тизмесинен чыгарып койгонун билдирип, маалымат жыйын өткөрдү. Ага бериле турган мандат Марлен Маматалиевге берилип жатканын айтты.

Жаңыдан мандат алган депутат Марлен Маматалиев SUPER.KG порталына билдиргендей, Болот Дыйканбаев Өмүрбек Бабанов саясаттан кеткен учурдан пайдалангысы келип жатат.

"Мен депутаттык мандатты мыйзамдуу түрдө тизме боюнча алдым. Шайлоо учурунда да жетиштүү добушка ээ болгом. Болот Дыйканбаев өзү арызын 2015-жылы жазып, тизмеден чыккан. Бул нерсени БШКдагы документтер тастыктап турат. Шайлоодон кийин партия мүчөлөрү чогулуп, алдыдагы иштерди пландап турчубуз. Дыйканбаев биздин чогулуштарга бир да жолу келген эмес. Ал болгону Өмүрбек Бабанов саясаттан четтеп, өлкөдөн чыгып кеткенден кийинки кырдаалдан пайдалангысы келип жатат", - дейт депутат Маматалиев.

Эске салсак, бүгүн Марлен Маматалиевге депутаттык мандат тапшырылды. Ал парламенттин мурунку депутаты Фархат Иминовдун ордуна келди. Иминов өзүнүн депутаттык мандатын тапшыруу боюнча арызды 1-мартта жазган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан