Биз социалдык тармакта

Нурдан Орунтаев беш өлкөнүн делегация башчыларына “Бишкек Арена” стадионун көрсөттү

Бүгүн, 12-ноябрда, курулуш министри Нурдан Орунтаев “Борбордук Азия – Кытай” форматындагы иш-чаранын алкагында беш өлкөнүн делегация башчыларын “Бишкек Арена” стадиону менен тааныштырды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Алар Кытай, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан келген өкүлдөр болду.

Делегацияларга стадиондун архитектуралык өзгөчөлүктөрү, курулушу жана техникалык параметрлери тууралуу маалымат берилди.

Маалыматка ылайык, “Бишкек Арена” 51 миң көрүүчүгө ылайыкталып, Борбор Азиядагы эң ири футбол стадиону болуп саналат. Анын жалпы аянты 85 миң чарчы метрди түзөт.

Стадион үч жер алдындагы жана беш жер үстүндөгү кабаттан турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан