11-ноябрда Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен Словакиянын президенти Петер Пеллегрининин жолугушуусунда күтүлбөгөн окуя болду. Елисей сарайынын ардактуу кароолунун эки кызматкери катары менен эсин жоготуп, жыгылган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Окуя учурунда гвардиячылардын бири колундагы кылычын түшүрүп, тең салмактуулугун жоготуп кулаган. Макрон жана жанындагылар ага жардам берүүгө шашылышкан.
Андан көп өтпөй экинчи аскер да эсин жоготкон. Анын жыгылган учуру камерага түшпөй калган, бирок кылычынын жерге түшкөн үнү видеого жазылып калган.
Маалыматка ылайык, эки аскерге тең медициналык жардам көрсөтүлүп, учурда абалдары жакшы. Алдын ала маалымат боюнча, алардын эсин жоготуусуна кан басымдын кескин төмөндөшү себеп болгон.