Биз социалдык тармакта

Сот адилеттиги системасында бирдиктүү санариптик экосистема түзүлөт

Бүгүн, 12-ноябрда Кыргызстанда “Бардыгы үчүн адилеттүүлүк 2” (JUST4ALL 2) долбоорунун расмий ачылышы болду. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдиришти.

Долбоор Европа биримдигинин каржылык колдоосу менен БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы тарабынан ишке ашырылат.

Долбоордун алкагында соттордун, прокуратуранын, пробация жана пенитенциардык системалардын, соттук-эксперттик мекемелердин жана адвокатуранын маалыматтык системаларын бириктирген бирдиктүү санариптик экосистема түзүү пландалууда.

Ошондой эле санариптик далилдер менен иштөө, аларды коопсуз сактоо жана санариптик криминалистиканы өнүктүрүү багытында иштер жүргүзүлөт.

Долбоор сот адилеттигин жеткиликтүү жана натыйжалуу кылууга, адам укуктарын коргоого жана мамлекеттик органдардын ишин санариптештирүүгө багытталган.

Белгилей кетсек, бул долбоор 2022-2026-жылдары ишке ашырылган “Бардыгы үчүн адилеттүүлүк” программасынын уландысы болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан